Түрк элчиси Украинада 2 - даражадагы мамлекеттик ордени менен сыйланды
Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө Гүлдере жана Четинжевизди мамлекеттик орден менен сыйлагандыгын билдирди.
Түркиянын Киевдеги элчиси Ямур Ахмет Гүлдере Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан 2 - даражадагы мамлекеттик ордени менен сыйланды.
Украинанын президенттигинде өткөрүлгөн аземде Зеленский Түркия менен Украинанын ортосундагы карым – катнаштарды чыңдоого, Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоого кошкон жеке салымы үчүн элчи Гүлдерени Украинанын 2 - даражадагы мамлекеттик Ардак ордени менен сыйлады.
Өзгөчө Онур Групптун башкаруу кеңешинин төрагасы Онур Четинжевизге да согуш учурунда Украинадагы долбоорлорун уланткандыгы үчүн 2 - даражадагы Ардак ордени тапшырылды.
Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө Гүлдере жана Четинжевизди мамлекеттик орден менен сыйлагандыгын белгилеп : "Түркия өкүлдөрүнүн (2022 - жыл 24 - февралда Россия менен) кенен масштабдуу согуш башталганда Украинада болууларына абдан чоң маани берип жатабыз. Өлкөбүздө дипломатиялык кызматын акырына чыгарган элчи Ямур Ахмет Гүлдереге Украина менен Түркиянын ортосунда күчтүү карым - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө кошкон салымынан улам ыраазычылык билдирем",- деди.
Украинада 1 - 2 - 3 - даражадагы мамлекеттик ардак ордени экономика, илим, маданият сыяктуу тармактарга салымын кошкон кишилерге берилүүдө.