Нуман Куртулмуш : "Кипрдеги баскынчы Түркия эмес грек тарап"

Куртулмуш Ирландиянын борбор шаары Дублинде өткөрүлгөн Европа Парламентинин төрагаларынын конференциясына катышты.

2043709
Нуман Куртулмуш : "Кипрдеги баскынчы Түркия эмес грек тарап"

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш грек өкүлүнүн Кипр жана Карабах тууралуу сөздөрүнө каршылык көрсөтүп : "Кипрдеги баскынчы Түркия эмес, 1960 -  жылы курулган мыйзамдуу Кипр Республикасын жок кылган, республиканы басып алган грек тарап",- деди. 

Куртулмуш Ирландиянын борбор шаары Дублинде өткөрүлгөн Европа Парламентинин төрагаларынын конференциясына катышты.

Куртулмуш сөзүндө өзүнөн мурда трибунага чыккан Кипр Рум башкаруусунун Өкүлдөр палатасынын спикери Аннита Деметриунун түрктөрдү «баскынчы» катары көрсөткөн сөздөрүн эске  салып каршылык көрсөттү. 

Куртулмуш Түркиянын Кипрде, Азербайжандын Карабахта "баскынчы экендигин" айткан грек өкүлдүн сөздөрү тууралуу : "Кипрде оккупация бар, бул чындык. Кипрдеги баскынчы Түркия эмес, 1960 - жылы түзүлгөн мыйзамдуу Кипр Республикасын жоюп, республиканы басып алган грек тарап. Энозис топтордун Кипр Республикасын жоюшуна албетте  Түркия кепил өлкө катары карап тура албас эле жана карап турган да жок",- деди.

Азербайжандын Карабах жеңиши тууралуу : "Армениянын Карабахты 33 жылга созулган оккупациясына каршы Азербайжандын өз жерлерин коргоо сезимталдыгын түшүнөбүз жана акырына чейин колдойбуз",- деген Куртулмуш 33 жылдык оккупацияга каршы эл аралык демилгелердин алсыз болушунун натыйжасында  Азербайжанга башка жол калтырбагандыгын жана  44 күнгө созулган согуш менен Карабахтын бошотулгандыгын белгиледи. 

"Карабах Азербайжандын жери катары акыркы учурга чейин Азербайжан элинин колунда болот»,-деген  Куртулмуш мунун «басып алуу» эмес, «бир элдин өз жерин сактап калуусу» экендигин баса белгиледи.

Куртулмуш Азербайжан, Түркия, Россия, Иран, Армения жана Грузия баш болгон алты тараптуу альянстын Кавказда түзүүгө аракет кылган тынчтыктын кээ бирөөлөр тарабынан бузулуп, жок кылынып жатканына көңүлдөрдү буруп : "Азербайжан менен Армениянын ортосунда түзүлө турган тынчтык эң башта бул өлкө болуу менен бардык аймак элдеринин кызыкчылыгына болот.  Зангезур коридорунун ачылышы эч качан бир өлкөнүн демилгесине   эмес, аймак элдеринин баарынын пайдасына жана ошондой болушун каалайбыз",- деди. 



Тектеш кабарлар