Куртулмуш Майлам менен жолугушту
Дублин конгресс борборунда өткөн жыйында Швециянын НАТОго мүчөлүгү, Орусия-Украина согушу, террор менен күрөшүү жана Батыштагы исламофобиялык аракеттер талкууланды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Европарламенттин төрагаларынын конференциясына катышуу үчүн барган Ирландиянын борбору Дублинде НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын (НАТО ПА) төрайымы Жоэль Гаррио-Майлам менен жолугушту.
Дублин конгресс борборунда өткөн жыйында Швециянын НАТОго мүчөлүгү, Орусия-Украина согушу, террор менен күрөшүү жана Батыштагы исламофобиялык аракеттер талкууланды.
Куртулмуш жолугушууда Түркиянын НАТО жана Европа үчүн маанисине токтолуп, НАТО менен 71 жылдан бери карым-катнашта болгон Түркиянын бул мезгилде өз милдеттерин кылдаттык менен аткарганын белгиледи.
Түркиянын Орусия-Украина согушунда Украинанын жеринин бүтүндүгүн жактагандыгын жана бул кризисте Орусия да, Украина менен да сүйлөшө ала турган өлкө катары көзгө урунганын белгилеген Куртулмуш, мунун натыйжасында туткун алмашуунун мүмкүн болгонун жана тамак-аш дан коридорун ачуу менен дүйнөдө боло турган кризистин алдын алганын айтты.
Куртулмуш Түркиянын НАТОго мүчө өлкө катары Украина-Орусия кризисинде конструктивдүү ролун аягына чейин уланта турганын айтты.
Түркиянын эч бир өлкөнүн НАТОго киришине караманча каршы эмес экенин баса белгилеген Куртулмуш, Мадриддеги НАТО саммитинде жана Вильнюстагы НАТО саммитинде кол коюлган Финляндия-Түркия-Швеция үч тараптуу келишимдин алкагында Швеция тарабынан берилген убадалардын аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Террор менен күрөшүүдө дос өлкөлөрдөн күтүлгөндүн бир гана «биз силер мененбиз» деген билдирүү эмес экенин белгилеген Куртулмуш дос өлкөлөрдөн Түркияга душмандык кылган террордук топторго каршы эч кандай саясий, аскердик, логистикалык жана башка колдоо көрсөтпөөнү күтүшкөндөрүн айтты.
Куртулмуш Швеция баш болгон кээ бир өлкөлөрдө полициянын коргоосу менен Исламдын ыйыктарына жана Курани Каримге ачык кол салуулардын кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.
Швециянын террор жана исламофобияга байланыштуу сезимталдыктарынын дагы да ачык болушун күтүүнүн Түркиянын укугу экенин белгилеген Куртулмуш: «Биз Швециянын НАТОго киришине каршы эмеспиз, бирок Швеция үч тараптуу келишимди да, Вильнюста берген убадаларын да тез арада аткарылышын каалайбыз. Эгер өкмөт бул маселе боюнча өз баасын берип, сунушту парламентке жөнөтсө, биз бул сунушту иштеп чыгып, Парламентте добуш берүү үчүн негиз даярдайбыз»,-деп айтты.
НАТО ПАнын төрагасы Гаррио-Майлам да НАТО-ПАнын Швециянын НАТОго мүчөлүгүн колдогондорун жана бул темада Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан колдоо күткөндөрүн белгиледи.
Тектеш кабарлар

Гүлер Германиянын мамилесин сынга алды
Гүлер Eurofighter согуштук учагынын сатып алуу процесси тууралуу менчик телеканалда сөз сүйлөдү.