Президент Эрдоган Нахчивандан кайтуусунда сапары тууралуу баа берди

Президент Режеп Тайййип Эрдоган : "Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) таанылышы туруктуу тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылууну каалаган бардык өлкөлөр үчүн эң жакшы жол", - деди.

2042505
Президент Эрдоган Нахчивандан кайтуусунда сапары тууралуу баа берди

Президент Режеп Тайййип Эрдоган : "Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) таанылышы туруктуу тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылууну каалаган бардык өлкөлөр үчүн эң жакшы жол", - деди.

Эрдоган Азербайжандын Нахчыван аймагына жасаган сапарынан кайтып жатып учакта жасаган билдирүүсүндө 3 - ноябрда Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун жыйыны боло тургандыгын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын да байкоочу мүчө катары катыша тургандыгын айтты.

Эрдоган : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы Кипр аралында туруктуу тынчтык жана бейпилдикти камсыз кылууну каалаган бардык өлкөлөр үчүн эң туура жол. Көптөгөн жылдар ал жердеги түрктөрдү көрбөстүккө салгандардын кылбаганы калган жок. Бирок таштаган ар бир кадамы негизсиз болгондуктан жыйынтыгы жакшы болгон жок. Эч ким бизден Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарын көрбөстүккө салып, аларды тебелетүүбүздү күтпөсүн. Биз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эми башка өлкөлөр тарабынан  таанылышы үчүн үнүбүздү дагы бийик чыгарабыз»,- деди.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун октябрь  -  ноябрь  айларында Түркияга келерин да белгилеген Эрдоган : «Ылайыктуу бир убакта бул сапардын ишке ашышы үчүн сүйлөшүү улантылууда. Андан кийин биз да жооп ирээтинде сапарыбызды ишке ашырабыз»,- деди.

Түркия жана Израилдин бир нече тармакта кызматташуу түзгөндүгүн айткан президент : «Жаңы кызматташуу тармактарынын бар экендиги да бир чындык. Өзгөчө Европа, Россия  -  Украина согушунан кийин пайда болгон конъюнктуранын таасири менен туруктуу энергия булактарын издөөдө. Израилдин ресурстарынын Европага ташылышы тууралуу изденүүдө экендиги баарына белгилүү.  Эң рационалдуу жол бул ресурстардын Түркия аркылуу Европага жеткирилиши. Муну акыркы жолугушуубузда талкууладык жана иштей баштадык",- деди.  

Израил менен энергетикалык бургулоо иштеринде кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экенин белгилеген Эрдоган : «Бул боюнча техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү досторубузга тапшырма бердик. Түркияда да, Израилде дагы эң кыска убакытта өткөрө турган жолугушууларда маршрут, график жана бургулоо аймактары сыяктуу маалыматтарды тактайбыз»,-деди.

Бир тараптан президент Эрдоган, Зангезур жана Лачын коридорлоруна байланыштуу : «Биздин тилегибиз бул жерлерди тынчтык коридоруна айландыруу аркылуу ачуу. Азырынча согуш үстөмдүк кылган коридор жөнүндө ойлонууга мүмкүн эмес»,- деди.

Президент Эрдоган Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу да : «Эгерде алар убадасына турса, биздин парламент да убадасында турат, ошого жараша кадамын таштайт»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар