Президент Эрдоган Нахчыванда
Президент Эрдоганды Нахчыван аэропортунда Алиев расмий азем менен тосуп алды.


Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапары менен Нахчыванга барды...
Президент Эрдоганды Нахчыван аэропортунда Алиев расмий азем менен тосуп алды.
Андан соң эки лидер Нахчыван автономдуу республикасынын Жогорку Кеңешине барып, жекеме-жеке жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда актуалдуу, аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Түркия-Азербайжан карым-катнаштары жана Карабахтагы акыркы абалдар каралды.
Эрдоган менен Алиев андан кийин Ыгдыр-Нахчыван жаратылыш газ куурунун пайдубалын түптөштү.
Лидерлердин катышуусунда эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактарда 3 келишимге кол коюлду.
Андан соң эки лидер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.
Эрдоган: «Ыгдыр-Нахчыван жаратылыш газ кууру долбоору Азербайжан менен энергетика тармагындагы өнөктөштүгүбүздү дагы да тереңдете турганы сыяктуу Европанын энергетикалык камсыздоо коопсуздугуна да салым кошот»,- деди.
Карабахта өткөн жумада жүргүзүлгөн террорго каршы операцияга байланыштуу Эрдоган, Азербайжандын армян куралдуу топторго каршы бул акыркы жеңиши менен бирге аймакта кеңири нормалдашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк терезелеринин ачылганын белгиледи.
Президент: «Армениянын ага сунулган тынчтык колун кармап, чын ыкластуу кадамдарды ташташын күтөбүз»,-деп айтты.
Илхам Алиев да: «Түркия менен бири-бирибизге колдоо көрсөтүү менен аймактык маселелерди туура багытка багыттап жатабыз, аймакта тынчтык жана ырааттуулук болушун, согуш болбошун каалайбыз»,- деди.
Эрдоган менен Алиев Нахчыван аскердик комплексин да ачышты.
Лидерлер лентаны кесүү менен ачылышты ишке ашырып, андан соң аскердик комплексти кыдырышты.