Эрдоган эртең Нахчыванга барат
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен эртең бир күндүк иш сапары менен Нахчыванга барат.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган менен Алиевдин ортосунда боло турган жолугушууларда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары каралып, өзгөчө Карабахтагы акыркы абалдар менен актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Эрдоган менен Алиевдин Ыгдыр-Нахчыван жаратылыш газ куурунун пайдубалын түптөө аземине катышары жана модернизацияланган Нахчыван аскердик комплексинин ачылышын ишке ашыруулары күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар

Алтун: «Израилдин жүздөгөн калптарын ашкереледик»
Фахреттин Алтун «TRT World Forum 2023» ачылышында сүйлөгөн сөзүндө жалган маалыматка токтолду.