«Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында 605 террористти жок кылды

Түрк куралдуу күчтөрү келечекте чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ирактын түндүгүндөгү Хакурктан баштаган «Чеңгел» сериясындагы операцияларын Синат-Хафтанин менен улантты, андан кийин операция аймагы Метина жана Авашин-Басянга кеңейтилди.

2041387
«Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында 605 террористти жок кылды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында ушул убакка чейин 605 террористти жок кылды.

Түрк куралдуу күчтөрү келечекте чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ирактын түндүгүндөгү Хакурктан баштаган «Чеңгел» сериясындагы операцияларын Синат-Хафтанин менен улантты, андан кийин операция аймагы Метина жана Авашин-Басянга кеңейтилди.

Террористтер Запты көздөй качкандан кийин Мехметчик (түрк аскери) 2022-жылдын 17-апрелинде сөз болгон аймакка карата «Чеңгел-Кулпу» операциясы үчүн кыймылга өттү.

Улуттук Коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Ирактын эгемендик укуктары жана жеринин бүтүндүгүнө урмат менен жүргүзүлгөн операциянын алкагында ушул убакка чейин 605 террорист таасирсиз кылынды.

Террордук уюм колдонгон 670 үңкүр жана баш калкалоочу жайлар жараксыз абалга келтирилди.

Десанттар тарабынан ар түрдүү өлчөмдөгү көп сандагы курал жана ок-дарылар колго түшүрүлүп, аймакта террористтер тарабынан көмүлгөн миналар жана колго жасалган жардыруучу заттар да жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга карай операциялардын басаңдабастан уланып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө «Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында аныкталган 5 ПКК террористи абадан операция менен таасирсиз абалга келтирилди, террористтердин уюгун жок кылууну улантабыз»,делди.

Билдирүү менен бирге террористтердин өздүгү такталган сүрөт да бөлүшүлгөн.

Министрликтин башка билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга даярданып жатканы аныкталган ПКК/ЙПГга мүчө 3 террористтин таасирсиз абалга келтирилгени билдирилди.

Билдирүүдө,«Жалгыз максаты аймакта кан төгүү болгон ПКК/ЙПГ террористтерине ылайыктуу түрдө кийлигишип жатабыз»,делди.



Тектеш кабарлар