TRT World тарабынан даярдалган "Off the Grid" даректүү тасма сериалы эл аралык ийгиликке жетишти
TRT World тарабынан даярдалган "Оff the Grid" даректүү тасма сериалынын Украинада тарткан "Украина согуш күндөлүгү" бөлүмү эл аралык ийгиликке жетишти.

TRT World тарабынан даярдалган "Оff the Grid" даректүү тасма сериалынын Украинада тарткан "Украина согуш күндөлүгү" бөлүмү эл аралык ийгиликке жетишти.
Түркия телерадио мекемеси ТРТдан берилген маалыматка караганда Орусия менен Украинанын согушунан кийин жарандардын башынан өткөргөн окуялар баяндалган даректүү тасма Эл аралык телекөрсөтүү искусствосу жана илимдер академиясы тарабынан берилген 44 - Эл аралык Эмми сыйлыктарынын "Кабар жана актуалдуу окуялар" категриясында финалга өттү.
Финалда Түркиянын атынан чыккан TRT World телеканалынын атаандаштары Англия, Бразилия жана Израиль болду.
Мухсина Эннаими жана Александр Паулиат тарабынан даярдалган жана Хакан Хожаоглу тарабынан тартылган даректүү тасма согуштун кыйратуучу жүзүн көрүүчүлөргө тартуулоо менен бирге орус армиясынын чегиниши менен Украинадагы жарандардын жашоосундагы өзгөрүүнү баяндаган.
ТРТнын башкы директору Мехмед Захид Собажы буларды айтты : "ТРТ катары көз карашыбыз, чет тилдердеги берүүлөрүбүз менен эл аралык тармакта күчтүү таасир жаратуу. Алыскы географиядагы жана жакыныбызда болуп жаткан окуяларды жеринде көрүп, көпчүлүк учурда дүйнө көрмөксөнгө салган бир топ теманы күн тартибине алып келүүдөбүз. Ушул себептен TRT Worldдун Украинада согуштун өзгөчө жарандарга тийгизген таасирин баяндаган "Off the Grid" даректүү тасмасы менен Эл аралык Эмми сыйлыгына талапкер көрсөтүлүшү биз үчүн күтүлбөгөн нерсе эмес. Бул ийгилигибиздин эл аралык тастыкталышы. Салымын кошкон бардык кызматкерлерибизди чын жүрөктөн куттуктаймын".
ТРТнын Эл аралык берүүлөрдөн жооптуу башкы директорунун орун басары Өмер Фарук Танрыверди : «Эммиге көрсөтүлүшүбүз TRT World каналынын эл аралык телерадиоберүү тармагында жеткен жеринин далили, салым кошкондордун баарын куттуктайм»,-деди.
TRT World каналынын координатору Бора Байрактар: «Бул номинация журналистика жана телекөрсөтүү тармагында жеткен жерибиздин эң маанилүү телерадиокомпаниялар тарабынан таанылышы, ошондой эле Украинадагы абалды тең салмактуу түрдө толук көрсөткөнүбүздүн эң чоң далили",- деди.
44 - Эл аралык Эмми сыйлыктарынын «Кабар жана актуалдуу маселелер» категориясындагы сыйлыктары 27 - сентябрда Нью - Йоркто теле дүйнөсүнүн алдыңкы ысымдарынын катышуусунда өткөрүлө турган аземде ээлерине тапшырылат.