Түркиядан 19 университет Европанын эң мыктыларынын арасына кирди

QS Европа Кеңешине мүчө 42 өлкөнүн 688 университетине баа берди.

2040436
Түркиядан  19 университет Европанын эң мыктыларынын арасына кирди

Британиядагы  Quacquarelli Symond (QS) жогорку билим берүү рейтинг агенттиги тарабынан быйыл башталган жана Европадагы эң мыкты университеттердин рейтинги боюнча "Дүйнөлүк университеттердин рейтинги: Европа 2024" тизмеси жарыяланды.

Ушунун негизинде QS Европа Кеңешине мүчө 42 өлкөнүн 688 университетине баа берди.

Тизме боюнча  «Жалпы Европадагы» рейтингинде Түркиядан Жакынкы Чыгыш техникалык университети (METU) 124 - орун, Стамбул техникалык университети 138 - орун, Коч университети 174 - орунду,  Билкент университети 178 -  орунду, Богазичи университети 199 - орунду алды. 

Эң мыкты 500 университеттин арасында Сабанжы университети 201- орунду, Хажеттепе университети 224- орунду, Стамбул университети 228- орунду,  Гази университети 283- орунду,  Анкара университети 289 -  орунду,  Йылдыз техникалык университети 326 -  орунду,  Эге университети 381 -  орунду, Стамбул өнүгүү университети 432-орунду,  Абдуллах Гүл университети жана Галатасарай университети 445-орунду, Мармара университети 451 - орунду, Чанкая университети 455 - орунду, Стамбул Билги университети жана Докуз Эйлүл университети 488 - орунду алды. 
 

 



Тектеш кабарлар