Түркия Йемен сүйлөшүүлөрүнөн ыраазы
Тышкы иштерлиги бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Түркия Сауд Арабиянын үй ээлигинде Йеменде тынчтык процессин алыдга жылдырууга карата өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн ыраазычылык менен кабыл алынгандыгын билдирди.
Тышкы иштерлиги бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Билдирүүдө Йеменде тынчтык процессин алдыга жылдырууга карата Омандын да катышуусу менен Сауд Арабиянын үй ээлигинде борбор шаар Риядда өткөн сүйлөшүүнүн ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы белгиленип : "Бардык тараптар Йеменде туруктуу чечүүчү жолдун табылышын каалап, тынчтык процессине конструктивдүү колдоого чакырабыз",- деп айтылды.
Билдирүүдө Түркиянын «боордош Йемендин улуттук биримдигинин жана жеринин бүтүндүгүнүн» сакталышын чечкиндүү түрдө уланта турганы баса белгиленди.
Йеменде Иран колдогон хусилер 2014 - жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлгө алууда. Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015 - жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүн колдоодо.
Йемен өкмөтү менен хусилердин ортосунда Йеменде 9 жылдан бери уланып келе жаткан кризисти токтото турган кеңири келишимди даярдоо үчүн Сауд Арабия менен Оман бир нече айдан бери Йемен өкмөтү менен хусилердин ортосунда ортомчулук кылууда.
Тектеш кабарлар

Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди
1 - январдан бери Иракта 134 террорист, Сириянын түндүгүндө 243 жалпы 377 террорист жок кылынды.