Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки лидер эки өлкөнү жакындан кызыктырган аймактык маселелер боюнча да пикир алышты.

2040390
Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган жолугушууда кесиптеши Алиевден Азербайжан армиясынын Карабахта Армения куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзгөн жана ок атышпоо менен аяктаган антитеррордук операция тууралуу маалымат алды.

Президент Эрдоган Алиевге Түркиянын Азербайжанга чын жүрөктөн колдоосун дагы бир жолу билдирди.

Сүйлөшүүдө эки лидер эки өлкөнү жакындан кызыктырган аймактык маселелер боюнча да пикир алышты.

 

 



Тектеш кабарлар