Эрдоган жана Ибрахимден биргелешкен билдирүү

Президент Эрдоган менен Энвер Ибрахим Америка Кошмо Штаттарынын  Нью  -Йорк шаарындагы Түрк үйүндө жолугушту.

2040459
Эрдоган жана Ибрахимден  биргелешкен билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Малайзиянын премьер - министри Энвер Ибрахим акыркы мезгилде исламга жана мусулмандарга карата кыянатчылыкты, жек көрүүчүлүктү жана агрессияны үндөгөн популисттик дискуссияларды  катуу айыптагандарын белгилешти.

Президент Эрдоган менен Энвер Ибрахим Америка Кошмо Штаттарынын  Нью  - Йорк шаарындагы Түрк үйүндө жолугушту.

Эки лидер мусулмандарга каршы жек көрүү жана зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты. 

Эки лидер Европанын айрым өлкөлөрүндө сөз эркиндиги шылтоосу менен  Куран Каримдин көчүрмөлөрү өрттөлгөн акыркы окуяларды жана мусулмандарга карата кыянаттык, жек көрүүчүлүккө жана агрессияга үндөгөн популисттик дискуссияларды катуу айыпташкандарын белгилешти.

Эрдоган менен Энвер Ибрахим мамлекеттердин динге же ишенимге негизделген зордук - зомбулукту пропагандалоону кылмыш катары кабыл алуу жана жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн чукул кадамдарды таштоосу керектигин баса белгилеп : “Бардык кызыкдар тараптарды  дискриминация, ксенофобия, расизм жана жек көрүү сөздөрүнө каршы аракеттерди күчөтүүгө чакырабыз”, - деди. 

 



Тектеш кабарлар