Президент Эрдогандын БУУда сүйлөгөн сөзү дүйнөлүк басма сөздө орун алды
Президент Эрдоган кечээ АКШнын Нью - Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 78 - сессиясында лидерлерге кайрылды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзү дүйнөлүк басма сөздө орун алды.
Президент Эрдоган кечээ АКШнын Нью - Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 78 - сессиясында лидерлерге кайрылды.
АКШда чыккан "Foreign Policy" журналы БУУнун трибунасында Эрдогандын эң көңүл бураарлык сөз сүйлөгөндүгүн жазды. Эрдогандын сөзүндөгү негизги темаларды белгилеген журнал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде реформага чакыруу салгандыгын жана Карабах маселесинде Азербайжандын жанында экендигин билдирди.
Al Arabiya News каналы Эрдогандын Карабах боюнча айткандарын күн тартибине алып келди. Гезит Эрдогандын сөзүндө Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн баса белгилегендигин билдирген.
Deviscourse сайты Эрдогандын Карабахка статус берүүнүн «кабыл алынгыс» экенин баса белгилегенин маалымдаган.
Борбору АКШ болгон Associated Press маалымат агенттиги БУУнун трибунасынан берген түз эфир меенн Эрдогандын союздашы Азербайжанды күчтүү колдогондугун жарыялады.
Вашингтондогу Al Monitor интернет сайты Эрдогандын «Карабах Азербайжандын жери» деген сөзүнө басым жасады.
Египеттеги Ахрам Онлайн да Түркиядан келген билдирүүлөрдүн «Азербайжан акырына чейин туура» экендиигн көрсөткөнүнө көңүлдөрдү бурду.
Франциядагы France 24 телеканалы Эрдогандын исламофобия тууралуу эскертүүсүнө басым жасады.
Кабарда : «Президент Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн исламофобия баш болгон расизм эпидемиясы менен бетме - бет экендигин айтты",- деп билдирилди.
Лондондогу Middle East Eye жаңылыктар сайты «Президент Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кемчиликтерине токтолуп : «Дүйнө бештен чоң» деген ураанды кайталады», - деп жазды.
АКШдагы Washington Examiner сайты «Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көлөмүн сындап, «Дүйнө бештен чоң» деп билдирди" деген темада окурмандарына маалымат берди.
Грек басма сөзү Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) чакырыгына басым жасады. «Катимерини» гезити «Эрдоган эл аралык коомчулукту Кипр түрк түзүмүн таанууга чакырды» деген темада макала жарыялады.
Эрдоган - Нетаньяху жолугушуусу Израиль басма сөзүнүн күн тартибинде орун алды. «Харец» гезитинин кабарында «Түркия Сауд Арабия менен Израилдин нормалдаштыруу аракеттерине оң көз карашта»,-деп билдирилди.