Эрдоган «Глобалдык нөл калдык» долбоорунун жакшы ниет декларациясына кол койду
Эмине Эрдогандын жетекчилигинде Түрк үйүндө «Глобалдык нөл калдык долбооруна карай» иш-чарасынын алкагында кол коюу аземи өткөрүлдү.



Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигиндеги «Глобалдык нөл калдык» долбоорунун жакшы ниет декларациясына кол койду.
Эмине Эрдогандын жетекчилигинде Түрк үйүндө «Глобалдык нөл калдык долбооруна карай» иш-чарасынын алкагында кол коюу аземи өткөрүлдү.
Президент Эрдоган Глобалдык нөл калдык долбооруна жеке катышууну камсыз кылуу максатында «https://zerowastecommitment.com» веб-сайтында кол коюуга ачылган «Нөл калдык жакшы ниет декларациясына» кол койгон биринчи адам болуу менен “Нөл калдык” долбоорун колдогон болду.
Эрдоган, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге даярдалган тактага да кол койду.
Президент Эрдоган жакшы ниет декларациясына байланыштуу билдирүүсүндө, адамзаттын келечеги үчүн маанилүү долбоорго кол коюшкандарын белгилеп: «Нөл калдык жакшы ниет декларациясына кол коюу менен таза, жашыл жана жашоого ылайыктуу дүйнө үчүн позициябызды көрсөттүк»,-деди.
2017-жылы жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен башталган «Нөл калдык» долбоорунун глобалдык брендге айланганын баса белгилеген Эрдоган, Түркия менен бирге 105 өлкөнүн биргелешип сунуштоосунда 30-март Эл аралык «Нөл калдык күнү» деп жарыяланганын айтты жана алар буга ыраазы болушканын билдирди.
Эрдоган мындай деди:
«Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн булганышы кризистери менен күрөшүбүздү көп өлчөмдүү түрдө улантабыз. Түркия катары келечек муундарга карата милдеттерибизди аткарууга умтулабыз. Биздин максат 2053-жылы так нөлдүк эмиссияга жетишүү./.../ Бул жерден, глобалдык жылуулукта тарыхый жоопкерчилиги көп болгон өлкөлөр менен бирге бардыгын чара көрүүгө чакырам».