Түркиялык хирургдардын операцияларын чет элдик дарыгерлер да көрүштү

Борбор шаар Анкарадагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы адиси профессор доктор Серкан Дурду жетектеген топтун операцияларын көргөн дарыгерлер түз эфирде суроолорун берип, операция техникасы тууралуу маалымат алышты.

2038424
Түркиялык хирургдардын операцияларын чет элдик дарыгерлер да көрүштү

Түрк хирургдары тарабынан көкүрөгү ачылбастан жабык ыкма менен 3 башка бейтапка түз эфирде жасалган жүрөк операциясын чет өлкөдөн жана өлкөнүн ичинен келген дарыгерлер көрүштү.

Борбор шаар Анкарадагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы адиси профессор доктор Серкан Дурду жетектеген топтун операцияларын көргөн дарыгерлер түз эфирде суроолорун берип, операция техникасы тууралуу маалымат алышты.

Проф. дрr. Дурду, дүйнөдө жана Түркияда эң көп таралган саламаттык сактоо көйгөйлөрүнүн бири болгон жүрөк ооруларынын өлүм себептеринин арасында биринчи орунда экенин айтты.

Өнүгүп жаткан технология менен жүрөк саламаттыгында маанилүү кадамдардын ташталганын белгилеген Дурду, дарылоодогу революциячыл инновациялардын бейтаптардын ыңгайлуулугун арттырганын түшүндүрдү.

Дурду, кичинекей бир кесүү менен жабык ыкма аркылуу жасалган «мини-инвазив» деп аталган техниканын дүйнөдө бир нече борбордо колдонулганын билдирди.

Түрк хирургдарынын бул тармактагы ийгиликтүү иштери менен дүйнөгө үлгү болгонун баса белгилеген Дурду, жандуу түрдө жасалган жүрөк операциялары менен өлкөбүздөн жана чет өлкөдөн жүрөк-кан тамыр хирургдарына билим бергендерин айтты.

Окууга Германиядан, Англиядан, Ирактан, Ирандан, Бельгиядан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандан хирургдар келишкен.

Бул контекстте 3 жандуу операция жасалды. Түрк хирургдары операцияларда олуттуу ийгиликтерге жетишти.



Тектеш кабарлар