Президент Эрдоган АКШда

Президент Эрдоганды ташыган учак Түркия убактысы боюнча саат 00.25те Нью-Йорк Жон Кеннеди эл аралык аэропортуна конду.

2038334
Президент Эрдоган АКШда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барды.

Президент Эрдоганды ташыган учак Түркия убактысы боюнча саат 00.25те Нью-Йорк Жон Кеннеди эл аралык аэропортуна конду.

Президент Эрдоганды аэропорттон Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Седат Өнал, Вашингтон элчиси Хасан Мурат Мержан жана Нью-Йорктун башкы консулу Рейхан Өзгүр тосуп алышты.

Тосуп алуудан кийин президент жана аны коштогон делегация аэропорттон Түрк үйүнө жөнөп кетишти.

Түрк үйүнүн алдында болсо калың топ президент Эрдоганды көрүү үчүн бир нече саат мурун чогулду.

Чоң кызыгуу жана сүйүү менен тосулуп алынган Эрдоган, аны күткөндөр менен учурашып, сүрөткө түшүп бир азга маектешти.

Президент АКШга иш сапарынын алкагында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-жыйынына катышып, бир катар жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар