ЕБ: «Түркия менен мамилебиз абдан маанилүү»

Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган 2022-жылдагы Түркия отчету Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясында талкууланды.

2036637
ЕБ: «Түркия менен мамилебиз абдан маанилүү»

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели, ЕБнин Түркия менен карым-катнаштарга чоң маани бергенин баса белгилеп, Бажы биримдиги, виза жеңилдетүү, энергетика жана технология, инвестициялар жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу темаларда өз ара аракет менен тез жылыш болушу мүмкүн экенин айтты.

Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган 2022-жылдагы Түркия отчету Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европарламенттин (ЕП) Башкы ассамблеясында талкууланды.

Отурумда сөз сүйлөгөн ЕБ Комиссиясынын мүчөсү Вархели: «Түркия менен болгон карым-катнашыбыз биз үчүн абдан маанилүү. Түркия талапкер өлкө, НАТОнун өнөктөшү, жакын коңшусу жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказ жана Кара деңиз аймактарынын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн негизги өнөктөш болууну улантууда»,-деди.

Европа Биримдигинин Түркия менен кызматташтык жана өз ара пайдалуу карым-катнашты өнүктүрүүнү каалаганына көңүл бурган Вархели, өзгөчө «санариптик жана жашыл өтүү», экономика, энергетика, миграция жана качкындарга жардам сыяктуу орток кызыкчылыктардын ар түрдүү тармактарында карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи.

 Вархели: «Бизге мамилелердин келечеги тууралуу орток түшүнүк керек. Эки тарап тең ийгиликтүү болушу үчүн аракет кылышы керек. Бажы биримдиги, виза режимин жеңилдетүү, энергетика жана технология, инвестиция, азык-түлүк коопсуздугу биз тез жылышыбыз мүмкүн болгон тармактардын айрымдары»,-деп айтты.

Вархели Европа Биримдигинин Түркиянын көп жылдар бою качкындарды кабыл алып багуусуна ыраазы болгонун белгилеп, Биримдиктин бул темада да колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.

Кара деңиздеги дан демилгесине да токтолгон Вархели: «Түркиянын Украинага жана жеринин бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүүсүн жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон Кара деңиз дан демилгесин жандандыруу багытындагы аракетин кубаттайбыз»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар