Эрдоган Усама Жемал менен делегациясын кабыл алууда Куранга кол салууларды сынга алды

Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мусулман уюмдар кеңешинин (USCMO) баш катчысы Усама Жемалды жана аны коштогон делегацияны Президенттик комплексте кабыл алды.

2034115
Эрдоган Усама Жемал менен делегациясын кабыл алууда Куранга кол салууларды сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен Куранга кол салууларга уруксат берилгенин кабыл албай тургандарын ар жолу билдиргендерин айтты.

Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мусулман уюмдар кеңешинин (USCMO) баш катчысы Усама Жемалды жана аны коштогон делегацияны Президенттик комплексте кабыл алды.

Мусулмандар катары терроризмден жек көрүүчүлүк кылмыштарына чейин көптөгөн көйгөй менен бир убакта күрөшүп жатышканын белгилеген Эрдоган, сөзүн улантып: «Батышта күндөн-күнгө жайылып жаткан исламофобия биздин кооптонууларыбызды күчөтүүдө. Бул оорулуу маанайда мусулмандардын үнүн угузуу аракетиңизди мен жакындан байкап жатып, жогору баа бердим. Үммөтүбүздүн исламофобия, сабырсыздык жана дискриминацияга каршы туруусу жана ынтымактуу болушу бул коркунучка каршы күрөшүүдө абдан маанилүү»,-деди.

Европада «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен ыйык Куран китебине карай кол салууларга уруксат берилишин кабыл албай тургандарын ар жолу билдиргендерин белгилеген Эрдоган: «Бул ачык жек көрүү кылмышы жана жапайычылык. Швецияда, Нидерландияда жана өзгөчө Данияда кайталанган кол салуулар бул географияда демократия жана адам укуктары орнобогондугун көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Кеңеш мүчөлөрүнө кайрылган Эрдоган: «Бардык саясий чөйрөлөргө, өзгөчө Америка Конгрессине Куранга жасалган кол салуулардын сөз эркиндиги шылтоосу менен корголбогондугун, коомдук тынчтыкты жана ырааттуулукту бутага алганын таасирдүү түрдө түшүндүрүүңүздү күтөм. Түркияга каршы лоббилердин каралоо кампанияларын натыйжасыз кылууда да сиздин  колдооңуздар пайдалуу болооруна ишенем. Террор уюмдары, ПКК, ПЙД, ЙПГ жана ФЕТӨ тууралуу чындыктарды Америка коомчулугуна жеткирүү үчүн салымыңыздарды күтөм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар