Ирактын түндүгүндө шейит

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2033315
Ирактын түндүгүндө шейит

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм тарабынан коюлган колго жасалган жардыргыч заттын жарылышынын натыйжасында бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта, жикчил террордук уюм тарабынан «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагына мурда орнотулган жардыргыч заттын жардырылышынын натыйжасында офицер сержант Үнал Сипахинин шейит болгону, бир аскердин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө жарадар болгон жоокердин ооруканага жеткирилип, дарылоо иштеринин башталганы айтылды.



Тектеш кабарлар