Түркия Дейрузор  элетинде болуп жаткан кагылышууларды жакындан иликтегендигин билдирди

Тышкы иштер министрлигинен бул темага байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, террордук уюмдун Сириядагы уландылары  менен кээ бир араб урууларынын ортосундагы кагылышуулардын жакындан иликтенип жаткандыгы белгиленди.

2032149
Түркия Дейрузор  элетинде болуп жаткан кагылышууларды жакындан иликтегендигин билдирди

Түркия Сириянын чыгышындагы Дейрузор  элетинде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ менен айрым араб урууларынын ортосунда бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларды жакындан иликтегендигин билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинен бул темага байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, террордук уюмдун Сириядагы уландылары  менен кээ бир араб урууларынын ортосундагы кагылышуулардын жакындан иликтенип жаткандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө : "Бул абал  террордук уюмдун Сириянын байыркы элдерине карата  зордук-зомбулук жана кысым көрсөтүү жана негизги адам укуктарын тебелөө менен үстөмдүк кылуу аракетинин жаңы көрүнүшү. Бул максат жана ниетин ДЕАШ менен күрөшүүдө  актер сыпаты менен жабууну каалаган террордук уюмдун чыныгы жүзүн көп кечикпестен жана аймактын сириялык күрттөр да болгон негизги калкы дагы көп кыйналуусуна жол ачпастан, колдоочуларын да көрөт дей ойлойбуз", - деп айтылды. 

ПКК/ЙПГнын Дейрузор Аскердик Кеңеш тобунун лидери Ахмед ел - Хабилди кармашынан кийин 27 - августта чыккан кагылышуулар  айрым араб урууларынын кошулушу менен күчөдү.

Араб уруулары кагылышууда 24 айылды ПКК/ЙПГдан тазалады.

 



Тектеш кабарлар