Чагатай Кылыч Мирослав Енча менен жолугушту
Жолугушууда дан коридору иштерине байланыштуу пикир алмашылып, БУУнун баш катчысынын орун басары Енча Түркиянын аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Президенттин башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын саясий жана тынчтыкты орнотуу иштери, тынчтык операциялары боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту.
Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда, Кылыч Енча менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушту.
Алдыдагы күндөрдө өткөрүлө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны, Кипрдеги абалдар жана дан коридоруна карата иш-аракеттер талкууланган жолугушууда, өзгөчө Кипр маселесинде кипрлик түрктөрдүн укуктарынын корголушу жана бул темадагы адилетсиз мамилеге чекит коюлушу керектиги баса белгиленди.
Жолугушууда дан коридору иштерине байланыштуу пикир алмашылып, БУУнун баш катчысынын орун басары Енча Түркиянын аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Тектеш кабарлар
Улуттук коргоо министрлиги жумалык маалымат жыйынын өткөрдү
УКМ: "Аймакта туруктуулукту сактоо үчүн аскерлерибиз тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө"