Стамбулда континенттер аралык сууда сүзүү жарышы өттү

Иш-чарада Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Жоеп Вижнандс да сүздү.

2026898
Стамбулда континенттер аралык сууда сүзүү жарышы өттү

Түркиянын Улуттук Олимпиада комитети тарабынан быйыл 35-ирет уюштурулган Самсунг Босфор континенттер аралык сууда сүзүү жарышы Стамбулда өткөрүлдү.

Канлыжа пристанынан жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бактын старт берүүсү менен башталган жарыш Куручешмеде аяктады. 70тен ашык өлкөдөн 2600дөн ашуун спортчу 6,5 чакырым аралыкта күч сынашты. Иш-чарада Нидерландиянын Анкарадагы элчиси Жоеп Вижнандс да сүздү.

Догукан Улач эркектер арасында жалпы категорияда 41 мүнөт 22 секунд менен биринчи болду. Керем Хошгөр 43 мүнөт 31 секунд менен экинчи, Халил Шенсой 43 мүнөт 44 секунда менен үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми кыз-келиндер арасында жалпы категорияда Буржуназ Нарин 42 мүнөт 54 секунд менен биринчи орунду алса, Хилал Зейнеб Сарач 43 мүнөт 59 секунд менен экинчи, Ада Лиза Челик да 44 мүнөт 17 секунд менен үчүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар