«Абдүлхамид Хан» кемеси Аксеки-1де

Түркия мунайзаттар корпорациясы (TPAO) X социалдык медиа платформасынан билдирүү жасады.

2023503
«Абдүлхамид Хан» кемеси Аксеки-1де

Деңиздердеги жаратылыш газ чалгындоо жана бургулоо флотунун эң күчтүү мүчөсү «Абдүлхамид Хан» кемеси Аксеки-1 кудугунда бургулоо иштерин баштайт.

Түркия мунайзаттар корпорациясынын (TPAO) X социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө: «Энергетика флотубуздун эң күчтүү мүчөсү «Абдулхамид Хан» Аксеки-1де. «Абдулхамид Хан» бургулоо кемеси Жер Ортолук деңизиндеги жаңы максаты Аксеки-1 скважинасында бургулоо иштерин баштайт»,-деген сөздөр камтылды.

Маалыматта Көгүлтүр Мекендеги жаратылыш газын издөө иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканы баса белгиленди.

Түркиянын акыркы жылдарда энергетика флотуна кошкон бургулоо кемелеринин эң күчтүүсү болгон «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемеси, мурда Жер Ортолук деңизиндеги Йөрүклер-1 жана Ташучу-1 скважиналарында бургулоо иштерин жүргүзгөн.



Тектеш кабарлар