Нигерден кайта албаган түрк жарандары Стамбулга алынып келинди
26-июлдан бери THYнын Нигердин борбор шаары Ниамейге каттамдарды уюштура албай жатканы белгиленди.
Нигерде 26-июлдагы аскердик төңкөрүштөн кийин убактылуу бул өлкөдө жүргөн жана аба мейкиндиги жабык болгондуктан мекенине кайта албаган түрк жарандары өзгөчө учуу уруксаты менен Стамбулга алынып келинди.
Түркиянын Ниамейдеги элчилигинин билдирүүсүндө, аскерлер бийликти басып алган 26-июлдан бери THYнын Нигердин борбор шаары Ниамейге каттамдарды уюштура албай жатканы белгиленди.
Ушул алкакта өлкөдө убактылуу жүргөн жана THYнын учагын күтүп жаткан түрк жарандарынын кайтып келүүлөрү үчүн Нигер бийлигинен өзгөчө учууга уруксат алгандары билдирилди.
Көпчүлүгү түрк жарандары болгон 233 жүргүнчүнүн борбор шаар Ниамейдеги Эл аралык Диори Хамани аэропортунан THYнын учагы менен Стамбулга жол тартканы маалымдалды.
Бул каттамдын түрк жарандарын эвакуациялоо эмес, өлкөдө убактылуу жүргөн жана Түркияга кайтууга муктаж болгон жарандар менен башка жүргүнчүлөргө берилген мүмкүнчүлүк экени баса белгиленди.
Түрк жарандарын алган учак эртең менен Стамбул аэропортуна конду.
Түркиянын Ниамейдеги элчилиги, түрк мекемелери, Түрк-Нигер достук ооруканасынын кызматкерлери жана Нигерде иш алып барган түрк фирмаларында иштеген түрк жарандары Нигерде калууларын улантууда.
26-июлда Нигерде бийликти басып алган аскердик хунта Ата Мекенди коргоо улуттук кеңеши (CNSP) 6-августта ыктымалдуу чабуулга каршы Нигердин аба мейкиндигин экинчи буйрукка чейин жапкан.
Буга чейин Франция, АКШ жана Италия сыяктуу кээ бир өлкөлөр өз жарандарын Нигерден эвакуациялаган.
Тектеш кабарлар
Түркияда ымыркай статистикалары
Түркияда өткөн жылы төрөлгөн кыз балдарга Дефне ысымы, эркек балдарга Алпарслан деген ат коюлган.