Байкар Пакистандын Улуттук аэрокосмостук илим жана технология паркында
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өткөргөн ачылыш аземине Байкардын башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар да катышты.



Байкар Пакистандын Равалпинди шаарында кечээ расмий түрдө ачылган Улуттук аэрокосмостук илим жана технология паркында (NASTP) ордун алды.
Байкардын билдирүүсүнө караганда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өткөргөн ачылыш аземине Байкардын башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар да катышты.
Ачылыш программасынан кийин Байкар менен NASTP ортосунда кызматташтык келишимине кол коюу аземи өткөрүлдү. Келишимге Селчук Байрактар менен NASTP командири генерал-лейтенант Гулам Аббас Гумман кол коюшту.
Селчук Байрактар ачылыш аземинде Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолугушту.
Байкар тарабынан негизделген "Байкар Технология" Пакистандын аэрокосмостук экосистемасына салым кошот.
NASTP алкагында изилдеп өнүктүрүү иштерин жүргүзө турган Baykar Technology тараптардын өз ара инновация жана жогорку технологияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү үчүн иштейт.
Байкардын NASTP алкагында жүргүзө турган изилдеп өнүктүрүү иштеринин негизинде келечекте ишке ашырыла турган ар тараптуу кызматташтыктын пайдубалы да түптөлдү. Ушундайча Байкар Пакистан менен стратегиялык багытта кызматташуусун дагы да тереңдетет.
Коргоо жана аэрокосмос өнөр жайынын эң чоң экспорттоочусу болгон Байкардын 2022-жылдагы жүгүртүүсү 1,4 миллиард долларга жетти. Бүгүнкү күнгө чейин Bayraktar TB2 SİHA үчүн 30 өлкө менен, Байрактар AKINCI TİHA үчүн 7 өлкө менен экспорттук келишимдерге кол коюлду.
Тектеш кабарлар

Нусрет-2023 чакыруу машыгуусу башталды
Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) маалымат берди.