Гутерриш Түркияга дан келишими үчүн ыраазычылык билдирди

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2010672
Гутерриш Түркияга дан келишими үчүн ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Түркияга Кара деңиз дан коридору келишиминин алкагында жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө, Гутеррештин келишимдин уланышына басым жасаганы, келишимдин толук аткарылышынын дүйнөлүк базар үчүн маанилүү экени белгиленди.

Орусия менен БУУнун ортосундагы түшүнүшүү меморандумунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын төмөндөшүндө таасирдүү болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө : «Башкы катчы, ошол эле максат үчүн аракет кылган Түркияга ыраазы»,-деди.

Башкы катчынын Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдогону жарыяланган билдирүүдө : «Катта Кара деңиз дан коридору келишиминин улантылышынын мааниси Орусия менен БУУнун ортосундагы түшүнүшүү меморандумунун алдыга жылдыруу сунушу менен билдирилди»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Орусиянын Айыл чарба банкындагы финансылык операцияларга таасир эткен тоскоолдуктарды жоюу максат кылынганы, Украина данынын да Кара деңизден ташылышынын улантылышы керектиги белгиленди.

Билдирүүдө баш катчынын келишимдин глобалдык азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанисине басым жасоону уланта турганы жана сунушуна байланыштуу Орусия менен байланышта боло турганы белгиленди.

 

Кара деңиз дан коридору келишими

 

Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылы 22-июлда Стамбулда өткөрүлгөн азем менен Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшту.

Буга чейин бир нече жолу узартылган келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Орус бийликтери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын айтышууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 4-июлдагы билдирүүсүндө: «2022-жылдын сентябрынан бери муктаж өлкөлөргө берилиши пландалган 262 миң тонна орус жер семирткичинин эки партиясы гана жөнөтүлдү. Жер семирткичтин 20 миң тоннасы Малавиге жана 34 миң тоннасы Кенияга жөнөтүлдү.  БУУ бул маселелер боюнча унчукпай калуусун улантууда. Батышта болсо азык-түлүк  жана жер семирткич маселеси боюнча да Орусияга киргизилген санкцияларды жеңилдетүү мүмкүн эместиги кабарланууда. Мындай шарттарда, 17-июлда бүтө турган келишимди улантууга эч кандай негиз жок»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар