Эрдоган: «Парламент Түркиянын кызыкчылыгына ылайык туура чечим чыгарат»

Литвада өткөрүлгөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинен кийин Түркияга кайтып келген президент Эрдоган учакта баа берүүлөрдү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2010932
Эрдоган: «Парламент Түркиянын кызыкчылыгына ылайык туура чечим чыгарат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Швециянын НАТОго кирүүсүнө байланыштуу Түркиянын кызыкчылыгына ылайык туура чечим чыгара турганын айтты.

Литвада өткөрүлгөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинен кийин Түркияга кайтып келген президент Эрдоган учакта баа берүүлөрдү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Литва сапарын ийгиликтүү аяктагандарын белгилеген Эрдоган: «Биздин аракеттерибиздин натыйжасында альянстын тарыхында биринчи жолу терроризмге каршы күрөш боюнча атайын координатор дайындоо чечими жарыяланды»,- деди.

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө карата Түркиянын принципиалдуу позициясынын эң башынан эле көрүнүп турганын айткан Эрдоган: «Биз аларга айтканыбыздай, Швециянын кошулуу протоколдорун беките турган орган Түркия Улуу Улуттук Жыйыны. Учурда процесс жүрүп жатат. Парламентибиз ташталган кадамдарды байкап, мамлекетибиздин кызыкчылыгына ылайык туура чечим чыгарат»,-деп айтты.

Саммиттин алкагында көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөргөнүн эске салган Эрдоган:«Биздин Европа Биритмдигине мүчөлүк процессибиздин жанданышы тууралуу оң пикир бар», - деди.

Түркиянын ар дайым убадаларында турганын түшүндүргөн Эрдоган: «Утуш-утуш принциби менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн реалдуу натыйжаларын мүмкүн болушунча тезирээк көргүбүз келет. Берилген убадалар боюнча конкреттүү кадамдар биринчи кезекте аталган мамлекеттердеги террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу жана террористтерди экстрадициялоо. Европа Биримдигинен көрө турган оң иштердин натыйжасында берген убадаларыбызды ишке ашыруу үчүн иштей баштайбыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, АКШнын (АКШ) президенти Жо Байден менен болгон жолугушуусуна токтолуп, Байден жана башкаруучулугунун Түркияга F-16 согуштук учактарынын сатылышына карата жакшы позицияны карманганын, түрк министрлеринин да кесиптештери менен сүйлөшүп жараяндын пайдага бурулушун камсыз кыла тургандарын белгиледи.

Эрдоган мыйзамсыз миграция менен күрөш тууралуу суроого Түркиянын бул темадагы күрөшү эч качан үзүлтүккө учураган эмес жана учурабай турганын айтып: «Биздин жарандар кыска убакыттын ичинде мыйзамсыз мигранттар маселесиндеги көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү аткарылган иштер менен сезет»,-деди. Эрдоган бул иштер эч бир адамдын кадыр-баркын тебелегидей түрдө жасалбай турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар