Челик: «Түркиянын иммиграция саясаты Франциядан башкача»

Өмер Челик социалдык медиа эсебинде Франция менен Түркиянын иммигранттарга карата мамилесинин айырмачылыгына көңүл бурду.

2005893
Челик: «Түркиянын иммиграция саясаты Франциядан башкача»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Франциянын дискриминациячыл саясаттарынан улам социалдык реакцияга туш болгонун, Түркиянын болсо гуманитардык баалуулуктарга таянган саясатынын негизинде өлүмдөн кутулган качкындарга кам көргөнүн айтты.

Өмер Челик социалдык медиа эсебинде Франция менен Түркиянын иммигранттарга карата мамилесинин айырмачылыгына көңүл бурду.

Челик Түркиянын гуманитардык баалуулуктарга таянган иммиграция саясатын Франциядагы колониялык саясаттар жана расисттик зомбулук менен салыштырууга болбой турганын баса белгиледи.

Франциянын колонизатордук түшүнүгү жана дискриминациячыл мамлекеттик саясаттары себептүү социалдык каршылыктарга туш болгонун баса белгилеген Челик: «Түркия гуманитардык баалуулуктарга таянган саясатынан улам өлүмдөн аман калган качкындарга кам көрдү»,-деди.

Өмер Челик Түркиянын иммиграцияны чек аранын ары жагында кармоо стратегиясын ыктыярдуу кайтып келүүгө түрткү бере турган долбоорлор менен колдой турганын айтты.



Тектеш кабарлар