Уралоглу: «Түркиянын кепилдиги менен ачылган «Дан коридору» көптөгөн өлкөгө пайда алып келди»

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Орусия-Украина согушунан улам «азык-түлүк кризиси» коркунучун жок кылуу үчүн түзүлгөн «Дан коридоруна» баа берди.

2004134
Уралоглу: «Түркиянын кепилдиги менен ачылган «Дан коридору» көптөгөн өлкөгө пайда алып келди»

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын кепилдиги менен ачылган «Дан коридорунун» көптөгөн өлкөгө пайда алып келгенин айтты.

Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Орусия-Украина согушунан улам «азык-түлүк кризиси» коркунучун жок кылуу үчүн түзүлгөн «Дан коридоруна» баа берди.

Түркиянын эң көп эгин ташылган үчүнчү өлкө экенин баса белгилеген Уралоглу: «44 өлкөнүн тизмесинде 987 кеменин 290у түрк желеги менен, 224 кеме өлкөбүздүн ар кайсы портторуна келди. Бардыгы болуп 13 дан жана дан азыктары түрү, арпа, буудай, жүгөрү, соя, буудай кебеги, иштетилген аралашма азык-түлүк, соя фасолу, күн карама уруктары, күн карама уну, күн карама майы жана буурчак бар»,-деп маалымат берди.

Уралоглу 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 20-июнуна чейин ташылган дандын жалпы көлөмүнүн 32 миллион тонна болгонун айтып: «Түрк портторуна келген жүк 3 миллион 659 миң тонна. Эң көп жүк 7 миллион 662 миң 808 тонна менен Кытайга түштү. Эң көп жүк ташыган өлкөлөр Кытай, Испания, Түркия жана Италия болду»,-деп айтты.

Министр Уралоглу дан коридору менен Африка континентине 3 миллион 978 миң 853 тонна эгин ташылганына көңүл буруп: «Түркиянын кепилдиги менен ачылган дан коридору көптөгөн өлкөгө пайда алып келди. Африка өлкөлөрүнүн үлүшү учурда 12 пайыздын тегерегинде. Акыркы 6 айда бул көрсөткүч 6 пайызды түздү. Ошентип жөнөтүлгөн эгиндин көлөмү Африка өлкөлөрүнө эки эсе көбөйдү»,-деди.



Тектеш кабарлар