Тышкы иштер министри Хакан Фидан телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Чет өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери Хакан Фиданды куттукташты.

1997880
Тышкы иштер министри Хакан Фидан телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда Боррел министр Фиданды жаңы кызматы менен куттуктады.

Сүйлөшүүдө Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана аймактык өнүгүүлөр да талкууланды.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Боррел да Твиттер эсебинен : "Европа Биримдиги менен Түркиянын конструктивдүү жана эки тарапка тең пайдалуу карым-катнаштарын күтөбүз. Геосаясий кыйынчылыктар көптөгөн тармакта тыгыз кызматташуубузду талап кылат. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ырааттуулук жана коопсуздук абдан маанилүү" ,- деп билдирди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели да Твиттердеги билдирүүсүндө тышкы иштер министри Фиданды жаңы кызматы менен куттуктады.

Фидан менен учурдагы кыйынчылыктарга байланыштуу жакын кызматташуу түзүү жана Түркия менен карым- катнаштарды дагы да бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктабуу тууралуу бирдей пикирге барышкандарын белгилеген Вархели Фидандын Түркияга чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алгандыгын жарыялады.

Хакан Фидан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Лавров Фиданды жаңы кызматы менен куттуктады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген билдирүүдө тараптар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташканы айтылат.

Мавританиянын тышкы иштер министри Мухаммед Салим Мерзук менен Жибутинин тышкы иштер министри Махмуд Али Юсуф да Хакан Фиданды куттукташты.



Тектеш кабарлар