Судандын өкүлү Түркиянын Суданда аткара турган бардык ролун кабыл алышарын айтты
Элчи Дефуллах ел-Хаж Али Түркиянын Судандагы кризисте аткара турган бардык ролду ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты

Судандын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси жана Судан Эгемендик Кеңешинин төрагасы Абдулфеттах ел- Бурхандын өкүлү, элчи Дефуллах ел-Хаж Али Түркиянын Судандагы кризисте аткара турган бардык ролду ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айтты.
Элчи Али жолугушууларды өткөрүү үчүн келген борбор шаар Анкарада Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.
Судан менен Түркиянын ортосундагы карым- катнаштардын өзгөчө жана кылымдарга таянгандыгын белгилеген Али өткөргөн сүйлөшүүлөрдө карым- катнаштарды бардык тармактарда бекемдөө тууралуу келишкендерин белгиледи.
Али сүйлөшүүлөрдө Судандагы ички кагылышуулардын каралгандыгын айтып «(Судандагы ) Кризистен кийинки мезгилде Түркиянын активдүү роль ойношу үчүн карап чыккан көп сандаган иштер боюнча макулдаштык. Бул темалар ; Суданды кайра куруу. Суданга жардам сыяктуу темаларда Түркиянын эл аралык жана аймактык ролун сүйлөштүк»,- деди.
Түркиянын таасирдүү өлкө экендигин жана Анкаранын Судандагы кризис жана башка маселелерде ойногон ролун жакшы билгендерин айткан Али буларды белгиледи : «Түркиянын Суданда аткара турган бардык ролун кубаттайбыз. Анткени тарыхый байланыштары бар Судан элинин кызыкчылыгын ойлогон Түркиянын башка максаттары жок деп ишенебиз. Түркия биз үчүн ишенимдүү өлкө. Орток баалуулуктарыбыздын негизинде Судан элине жардам берүүдө. Азыркы учурда Судан тууралуу жүргүзүлгөн алкактардын биринде Түркиянын роль алышына каршы эмеспиз».