Улуттук чалгындоо уюму Иракта операция жүргүздү
Фехми Өгмен жана дагы 2 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Иракта дагы бир ийгиликтүү операция жүргүздү.
Жикчил террордук уюм ПКК/КЖК мүчөсү, боз тизмеде издөөдө жүргөн Фехми Өгмен жана дагы 2 террорист таасирсиз кылынды.
Сүлеймание айыл аймагындагы Чемчемалда, ПККнын жогорку даражалуу жетекчилерине жергиликтүү чалгындоо тармагы менен бирге байкоо салган MIT, талаа агенттери аркылуу уюмдун мүчөлөрү тарабынан жашыруун түрдө колдонулган аймакты аныктады.
Боз тизмеде издөөдө жүргөн ПКК/КЖКнын Түндүк Ирактагы жогорку даражалуу жетекчилеринен Фехми Өгмендин аймакта экени белгиленди.
Уюмга 1993-жылы кошулуп, көп жылдар бою террордук иш-аракеттерди жасаган жана Түркияда көптөгөн акцияларды жеке өзү уюштурган уюмдун лидерлеринин бири делген Өгменге каршы операция жүргүзүлдү.
Операцияда батальон офицери Мехмет Салих Чакал менен айдоочусу Ахмед Мухаммед Али да таасирсиз кылынды.
Диярбакыр-Лиже элетинде да 2 ПКК террористи жок кылынды.
Чалгынга негизделген операцияда коопсуздук күчтөрүнө куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (SİHA) да абадан колдоо көрсөттү.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Терроризмге каршы операцияларыбыз элибиздин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө улантылат»,-деп айтылды.