Пакистан Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүнү каалайт

Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы премьер-министр Шариф тарабынан кабыл алынды.

1996941
Пакистан Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүнү каалайт

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Түркия менен соода, инвестиция, жогорку билим берүү, туризм жана инфраструктура сыяктуу тармактарда кызматташтыкты дагы да арттырууга даяр экендиктерин айтты.

Пакистан радиосунун кабарына караганда, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Мехмет Пачажы премьер-министр Шариф тарабынан кабыл алынды.

Жолугушууда Шариф Түркия менен соода, инвестиция, жогорку билим берүү, туризм жана инфраструктура сыяктуу тармактарда кызматташтыкты өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Түркия менен Пакистандын орток ишенимге жана эки тараптуу урматтоого негизделген узак мөөнөттүү тарыхый карым-катнаштары бар экенин айткан Шариф, эки өлкөнүн элинин бири-бирине чоң урмат-сый менен мамиле кылганын баса белгиледи.  

Түркияга сапарында инвестиция фирмалары менен өткөргөн жолугушуусуна токтолгон Шериф: «Азыр Пакистанга чет элдик инвестиция үчүн эң ыңгайлуу учур жана түрк фирмаларынын бул темага болгон терең кызыгуусун кубаттайбыз»,-деди.

Пакистандын премьер-министри президент Режеп Таййип Эрдоганга жана түрк өкмөтүнө меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Шариф президент Эрдогандын ант берүү аземине катышуу үчүн 3-4-июнь күндөрү Түркияга келип кеткен.



Тектеш кабарлар