Эрдоган Улуттук парктардын ачылыш аземине катышты

Эрдоган: "Быйылкы айлана-чөйрөнү коргоо жумалыгынын темасын "Таза дүйнө, таза деңиз" деп аныктадык"

1997182
Эрдоган Улуттук парктардын ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз экологиялык аң-сезимдин коомубузда тамыр жайышы үчүн аракет кылып жатабыз»,- деди.

Эрдоган Түркия айлана-чөйрө жумалыгынан улам 9 Улуттук парктын ачылыш аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Президент мындай деди:

«Биздин дүйнө көз карашыбыздын өзөгүндө - табиятты аманат катары көрүү бар. Экологиялык аң-сезимдин коомубузда тамыр жайышы үчүн күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Быйылкы айлана-чөйрөнү коргоо жумалыгынын темасын "Таза дүйнө, таза деңиз" деп аныктадык. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 30-мартты таштандысыз күн катары белгиленишин камсыздадык. Иш-аракеттерибизди мындан ары да улантабыз».

Эрдоган: «Улуттук парктарга карата иш-аракеттерибизди дагы да ылдамдатып жатабыз. Ататүрк аэропортунун улуттук паркы менен бирге 500 улуттук бакчабызды бүтүргөнүбүздө 81 шаардын жүзү өзгөрөт»,- деди.



Тектеш кабарлар