Эрдоган Зеленский жана Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө 2022 -  жылдын 24 -  февралынан бери болуп келе жаткан Россия  -  Украина согушундагы абалдар каралды.

1996720
Эрдоган Зеленский жана Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө 2022 -  жылдын 24 -  февралынан бери болуп келе жаткан Россия  -  Украина согушундагы абалдар каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Украинанын Херсон аймагында орустардын көзөмөлүндөгү Каховка плотинасындагы жарылууга байланыштуу кенен териштирүүнүн шектенүүгө орун бербей тургандай түрдө ишке ашырылышынын маанилүү экендигин айтты. Ушунун негизинде орус жана украиналык адистердин БУУ жана Түркия да болгон эл аралык коомчулуктун да катышуусу менен  комиссиянын түзүлө аларын айткан президент Эрдоган ушунун негизинде Түркия өзүнө түшкөн милдетти аткарууга даяр экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган дан келишиминин улантылышына бүткүл дүйнөнүн маани бергендигин баса белгилеп, биргелешкен аракеттер менен түзүлгөн макулдашуунун глобалдык азык  - түлүк кризисине бөгөт болууда турмуштук роль ойногондугуна көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган БУУ менен орус даны жана жер семирткичинин  экспортуна байланыштуу бөгөттөрдүн жоюлушу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн улантылышынын пайдалуу экендигин белгиледи.

Түркиянын адилеттүү тынчтыктын орношунда керек болгон аракетти улантууда чечкиндүү экендигин баса белгилеген Эрдоган кагылышуулардын акырына чыгышы үчүн керек болгон колдоону берүүгө да даяр экендерин айтты.

Президент Эрдоган Украинанын президенти Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган Зеленский менен сүйлөшүүсүндө Каховка плотинасындагы жарылууну изилдөө үчүн эл аралык комиссиянын түзүлө аларын, бул комиссия тууралуу Түркиянын колунан келгенди аткарууга даяр экендигин билдирген.

Украинанын Херсон аймагындагы бирок  орустардын көзөмөлүндөгү Каховка плотинасынын кечээ  бомбаланып жарылуусунан улам Днепр дарыясынын суу деңгээли ылдам жогорулады.

Аймактагы Жаңы Каховка шаарынын борборун суу каптады.

Орус жетекчилер шаарга жана селден жабыркаган Голопристанский жана Алекши аймактарына карата эвакуациялоо чечимин чыгарган.

Россия менен Украина окуядан улам бири бирин айыптады.

 



Тектеш кабарлар