Эрдоган кабинет мүчөлөрү менен Аныткабирди зыярат кылды
Арстандуу жолдон өтүп Ататүрктүн мазолейине барган Эрдогандын бул жерге түрк желегинин символу болгон ай- жылдыздуу гүл чамбар койду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы кабинет мүчөлөрү менен (Түркиянын негиздөөчүсү Ататүрктүн сөөгү коюлган) Аныткабирди зыярат кылды.
Арстандуу жолдон өтүп Ататүрктүн мазолейине барган Эрдогандын бул жерге түрк желегинин символу болгон ай- жылдыздуу гүл чамбар койгондон кийин эскерүүдө болуп, гимн аткарылды. Андан кийин Эрдоган Аныткабирдин атайын дептерине буларды жазды : «Улуу Ататүрк, парламенттик өкмөт системасынын 2 -мезгилинде жаңы кабинет мүчөлөрүбүз менен бирдикте алдыңыздабыз. Бүгүн кабинетибиздин биринчи жыйынын өткөрүп, Түркия кылымын куруу максаты менен жолго чыгып жатабыз. Түркиянын президенти катары кабинетибиз менен бирдикте Түркияга, 85 миллион калктын баарына кызмат кылабыз. Бизге аманатка калтырган республикабыздын 100 -жылына жетүүнүн кубанычы жана сыймыгын жашап жаткан бул жылды башталгыч жерине айландырабыз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун».