Алтун: «Түркия дезинформация менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен, эч кандай тайсалдабастан улантат»

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө медиа жана коммуникация дүйнөсүндө кызыктуу бир окуя болгонун белгиледи.

1996151
Алтун: «Түркия дезинформация менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен, эч кандай тайсалдабастан улантат»

Президенттиктин коммуникация бакармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун дезинформацияга эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн бири болгон Түркиянын бул жаатта күрөшүн чечкиндүүлүк менен, эч кандай тайсалдабастан уланта турганын айтты.

Алтун социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө медиа жана коммуникация дүйнөсүндө кызыктуу бир окуя болгонун белгилеп, Твиттердин Европа Биримдиги менен социалдык медиа платформаларынын ортосунда кол коюлган «2022-жылкы дезинформация боюнча күчөтүлгөн практика эрежелери» аттуу протоколдон чыгуу чечимин чыгарганын эске салды.

Андан соң Европа өлкөлөрүндөгү кээ бир мамлекеттик органдар бул кырдаалдан ыңгайсыздыктарын билдире баштаганын белгилеген Алтун: «Бүгүнкү күндө жеткен өлчөмдөр боюнча дезинформация биз үчүн туудурган улуттук жана аймактык коркунучтар менен катар бардык өлкөлөргө жана бүткүл эл аралык коомчулукка тиешелүү коркунучка айланды. Дезинформацияга каршы күрөштүн маанилүү тиреги, албетте, эл аралык кызматташтыкты жана чечкиндүүлүктү көрсөтүү»,-деди.

Франциянын санариптештирүү жана телекоммуникация министри Жан-Ноэль Барро өткөн аптада Твиттер эрежелерге туура келбесе тыюу сала тургандарын жарыялаганын эске салган Алтун: «Министрдин коомдук тартипке карата сезимталдыгын абдан жакшы түшүнөбүз. Бирок батыштык кесиптештерибиз Түркияга келгенде коомдук тартипке байланыштуу биздин сезимталдыкты эмне үчүн көрмөксөнгө салышканын түшүнбөй жатабыз. Бүгүнкү күндө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин расмий адамдары сыяктуу эч бир социалдык медиа платформасынын дезинформация борборуна айланышын каалабайбыз.,./.../ Биздин европалык досторубуз билиши керек, биз тыюу салуучу жана камкорчулук менталитет менен күрөшкөнүбүз сыяктуу дезинформация баш болгон коомду поляризациялаган ар кандай деструктивдүү иш-аракеттерди жок кылууну негизги милдетибиз деп эсептейбиз. Биз бул тармактагы тажрыйбабызды батыштагы досторубуз менен бөлүшүүгө абдан ынтызарбыз. Дагы бир жолу айткым келет, биз мындан ары да Президентибиздин чындыкты коргоо жана жалган маалыматка каршы күрөшүү багытынын алкагында жарандарыбыздын укуктарын жана мыйзамдарын коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрөбүз. Дүйнөдө жалган маалыматка эң көп дуушар болгон өлкөлөрдүн бири катары биздин дезинформацияга каршы күрөшүбүз ымырасыз уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар