Көндүрүү аракетинин натыйжасында дагы 2 террорист багынып берди
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымат берилди.
1995202

Көндүрүү аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан 2 террорист дагы коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында ПККдан качкан дагы 2 террордук уюм мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Багынган уюмдун мүчөлөрү 2013 жана 2014-жылдары террордук уюмга кошулуп, Сирияда кыймыл кылышканы аныкталды.
Көндүрүү аракеттеринин натыйжасында быйыл багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 50гө жетти.
Тектеш кабарлар

Мавлид түнү эртең белгиленет
Мавлид-и Неби жумалыгы быйыл «Пайгамбарыбыз, ыйман жана багыт» темасы менен өткөрүлөт.