Жаңы дайындалган министрлердин алгачкы билдирүүлөрү
Билдирүүлөрдүн орток жери Түркия кылымына басым жасоо болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жарыялаган кабинет мүчөлөрү алгачкы билдирүүлөрүн жасашты.
Билдирүүлөрдүн орток жери Түркия кылымына басым жасоо болду.
Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасеки жер титирөөдөн жабыркагандардын үйлөрүнө жана жер титирөөгө каршы көрүлө турган чараларга көңүл бурду.
Үйлөрү кырсыктан кыйрагандарга эң кыска мөөнөттө үйлөрүн куруп бере тургандарын белгилеген Өзхасеки:« Стамбулду жана Түркияны шаардык трансформация менен коопсуз кылабыз»,-деди.
Адилет министри Йылмаз Тунч: «Адилеттүүлүктүн көрүнүшү жана элибиздин негизги укуктарын жана эркиндиктерин толук пайдалануу мүмкүнчүлүгү жагынан алдыдагы мезгилде биз абдан маанилүү иштерди жасайбыз»,-деди.
Ички иштер министри Али Йерликая: «Мен президентибизге түшүнүгү жана баа бергени үчүн ыраазычылык билдиргим келет»,-деп бөлүштү.
Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин:« «Биздин мугалимдер, администраторлор, административдик кызматкерлер, жеке билим берүү мекемелери, окуучулар, ата-энелер жана башка кызыкдар тараптар менен бирге. Жаңы Түрк кылымынын курулушу үчүн кол кармашып, чын жүрөктөн аракет кылабыз.»,-деп билдирди.
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу: «Эркибиз күчтүү, чечкиндүүлүгүбүз күчтүү, Аллахтын уруксаты менен жеңилбестен жеңишке жеткен өлкө катары күчтүүбүз»,-деп айтты.
Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Йумаклы : «Түрк айыл чарбасынын негизи болгон дыйкандарыбыздын, токойчу айылдаштарыбыздын жана сүйүктүү улутубуздун кызматындабыз»,-деди.
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой өлкө жана улут үчүн иштөөнү уланта тургандарын билдиришти.
Кызматтарын өткөргөн министрлер да жаңы кабинеттин мүчөлөрүнө ийгилик каалашты.
Вице-президенттик кызматын Жевдет Йылмазга өткөрүп берген Фуат Октай да жаңы министрлер кабинетине ийгилик каалап, Жевдет Йылмазды куттуктады.
Йылмаз да куттуктоолорун жеткиргендерге ыраазычылык билдирүүсүн жарыялап, жаңы президенттик кабинеттин өлкө жана улут үчүн пайдалуу болушун каалады.