Орбандан Эрдоган бөлүшүүсү
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Твиттердеги билдирүүсүндө президент Эрдоганды ант берүү аземинде шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын айтты.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан борбор шаар Анкарадагы ант берүү аземине катышкан президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия-Украина согушуна тынчтыкчыл мамилеси үчүн мактады.
Орбан Твиттердеги билдирүүсүндө президент Эрдоганды ант берүү аземинде шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын айтып: «Анын тынчтыкты жактаган позициясы Венгрия үчүн жаңы дем болуп саналат»,-деп айтты.
Азем жана аземдеги сүрөттөрдөн улам Түркияга сапарынын видеосун бөлүшкөн Орбан: «Эрдогандын жеңиши бизге таза абадай керек жана ал дагы тынчтыкты жактайт»,- деди.
Венгриянын премьер-министри: «Түрк президентинин дан кризисиндегидей эле украиндер менен орустардын ортосундагы дан маселесинде ортомчулук кылуу мүмкүнчүлүгү бар»,-деп өз баасын берди.
Тектеш кабарлар

Эрдоган эртең Нахчыванга барат
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.

Түркия-Литва саясий консультациялары
Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.