Министрликтерде кызмат тапшыруу аземдери өттү

Кабинеттин жаңы мүчөлөрү мурдагы министрлерден өз милдеттерин өткөрүп алып, ишке киришти.

1995078
Министрликтерде кызмат тапшыруу аземдери өттү
adalet bakani yilmaz tunc.jpg
milli egitim bakani yusuf tekin.jpg
cevre sehircilikbakani mehmet ozhaseki.jpg
icisleri bakani ali yerlikaya.jpg
hazine ve maliye bakani mehmet simsek.jpg

Кабинеттин жаңы мүчөлөрү мурдагы министрлерден өз милдеттерин өткөрүп алып, ишке киришти.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Качыр кызматты Мустафа Варанктан алды.

Аземде сөз сүйлөгөн министр Качыр, мурда башталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талыкпай иштей тургандарын айтты.

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Нуреддин Небатиден милдетин өткөрүп алды.

Министр Шимшек өткөрүп алуу аземиндеги сөзүндө:«Коомдук жыргалчылыкты жогорулатуу максатына жетүүдөгү биздин негизги принциптерибиз ачык-айкындуулук, ырааттуулук, алдын ала айтуу жана эл аралык нормаларды сактоо болот»,-деди.

Ички иштер министри Али Йерликая ишти Сүлейман Сойлудан алды.

Министр Йерликая: «Ыйык мекенибиздин ар бир кадамы, Көгүлтүр мекенибиздин ар бир тамчысы, жээгибиз, чек арабыздын ичи жана жээк тилкебиз бизге аманат. Улутубуздун ар бир мүчөсү бизге аманат. Биздин негизги таянычыбыз мыйзам жана адам укуктары, бул эч качан бузулбайт»,- деди.

Айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мехмет Өзхасеки кызматты Мурат Курумдан өткөрүп алды.

Министр Өзхасеки жер титирөө болгон аймактагы үйлөрдү убада кылынган убакта бүтүрүүнү максат кылгандарын айтты.

Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин кызматын Махмут Өзерден өткөрүп алды.

Министр Текин аземде сүйлөгөн сөзүндө:«Түркиянын билим берүү системасын татыктуу орунга алып келүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз»,-деди.

Адилет министри Йылмаз Тунч кызматты Бекир Боздагдан өткөрүп алды.

Соттун калыстыгын жана көз карандысыздыгын сактап, улуттун адилет кызматтарынан эң эффективдүү түрдө пайда көрүшү үчүн талыкпай иштей тургандарын баса белгилеген Тунч Бекир Боздагдын тажрыйбаларынан пайда ала турганын айтты.

Соода министри Өмер Болат кызматты Мехмет Муштан өткөрүп алды.



Тектеш кабарлар