Хакан Фиданга куттуктоолор келе баштады

Жаңы министрлер кабинетинин жарыяланышынан кийин жаңы тышкы иштер министри Хакан Фиданга көптөгөн өлкөдөн куттуктоо каттары келди.

1994965
Хакан Фиданга куттуктоолор келе баштады
hakan fidan.jpg

Жаңы министрлер кабинетинин жарыяланышынан кийин жаңы тышкы иштер министри Хакан Фиданга көптөгөн өлкөдөн куттуктоо каттары келди.

Фиданды биринчилерден болуп Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Франция, Швеция жана Украинанын тышкы иштер министрлери куттукташты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов социалдык тармактагы баракчасындагы бөлүшүүсүндө:«Бир тууган Түркиянын жаңы тышкы иштер министри болуп дайындалган Хакан Фиданды чын жүрөктөн куттуктап, ага бул ардактуу ишинде ийгиликтерди каалайм. Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана союздук мамилелердин дагы да бекемделерине ишенем»,- деди.

ТКТР тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу Хакан Фиданга жаңы кызматында ийгиликтерди каалап: «Улуттук ишибизди чечкиндүүлүк менен улантабыз деп толук ишенем. «Түркия кылымы» куттуу болсун»,-деп бөлүштү.

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна социалдык медиа эсебинен түрк тилинде куттуктоо билдирүүсүн бөлүштү.

Фиданды биринчилерден болуп куттуктагандардын арасында Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем да болду.

Биллстрем Фиданды куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы жакшы кызматташтыкты чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Хакан Фиданды социалдык медиа эсебинен куттуктады.

Кулеба: «Биз эки дос өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүүнү жана биргелешип иштөөнү чыдамсыздык менен күтөбүз»,-деп айтты.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Фидандын сүрөтүн твиттер эсебинен бөлүшүп, Фиданга жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Родригес: «Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экенибизди дагы бир жолу ырастайм», - деди.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян да Твиттер эсебинен Түркия жана Иран желектеринин сүрөтүн бөлүшүп: «Бир тууганым Хакан Фиданды Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри болуп шайланышы менен чын дилимден куттуктайм. (Фидан менен) Биз көп жолу жакындан жолугушканбыз. Ал өзү кесипкөй жана даанышман дипломат»,-деп айтты.

Иран министри ошондой эле 8 жылга жакын тышкы иштер министри кызматын аркалаган Мевлүт Чавушоглу менен коштошуп, ийгиликтерди каалады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ жарыялаган жаңы кабинетте Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Хакан Фидан тышкы иштер министри болуп дайындалды.



Тектеш кабарлар