Эрдоган Столтенбергди кабыл алды

Президент Эрдоган менен Столтенбергдин жолугушуусу жабык эшик артында өттү.

1995073
Эрдоган Столтенбергди кабыл алды

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди Стамбулдагы Долмабахче Эмгек кеңсесинде кабыл алды.

Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу болжол менен 1 саатка созулду.

Жолугушууда аймактагы окуялар менен катар өзгөчө Швециянын НАТОго мүчөлүгү темасынын да сүйлөшүлгөнү белгилүү болду.

Кабыл алууда тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана НАТОнун өкүлдөрү да болду.

Жолугушуудан кийин Столтенберг маалымат жыйынын өткөрдү.

Столтенберг, Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсыздануулары бар экенин белгилеп: «Биз бул тынчсызданууларды билебиз, Швеция бул тынчсызданууларды чечүү үчүн маанилүү кадамдарды жасады»,-деди.

НАТОнун баш катчысы Түркия, Швеция жана НАТОнун өкүлдөрү 12-июнда жолугуша турганын да билдирди.

Түркиянын НАТОго маанилүү салым кошконун баса белгилеген Столтенберг:«Түркиянын НАТОнун Косоводогу тынчтык күчүнө кошумча аскер жиберүү чечимине ыраазымын. Бул аракеттерге Түркия лидерлик кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар