Түрк десанттары Косового кетти

Түркия НАТОнун талабы менен Косоводо бир десанттык батальонун резервдик бөлүк катары милдеттендирилгендигин билдирди.

1994868
Түрк десанттары Косового кетти

Түркия НАТОнун талабы менен Косоводо бир десанттык батальонун резервдик бөлүк катары милдеттендирилгендигин билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : «Түркия ; БУУ, НАТО, Европа Биримдиги жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ болгон эки тараптуу карым-катнаштардын алкагында аймактык жана глобалдык тынчтык менен ырааттуулукка салым кошууну улантууда. Ушунун негизинде өлкөбүз орток тарыхый  жана маданий баалуулуктарыбыз болгон Балкандардагы абалдарды да жакындан иликтөөдө; акыркы күндөрдө дос жана боордош Косовонун түндүгүндө болгон, аймактык коопсуздук жана туруктуулукка зыян келтирген окуяларды диалог жолу менен чечүү үчүн тараптарды сабырдуулукка чакырат»,-  деп айтылды.

Билдирүүдө : «Косоводо болгон окуялардан кийин Италиянын Неаполь  шаарындагы НАТОнун биргелешкен  күч командирлиги тарабынан келген талап боюнча мындан мурда НАТО Косово күчүнө  бөлүнгөн Кыркларелиндеги 65  - механикалаштырылган жөө аскер бригадабызга караштуу бир десанттык батальон резервдик бөлүк катары милдеттендирилди»,- деп айтылды.

Милдеттендирилген бөлүктүн 2023 -  жыл  4 – 5 -  июнь күнү Косоводогу Мултан Мурат казармасына барары пландалгандыгы  маалымдалды.



Тектеш кабарлар