Президент Эрдоган 2028-жылга чейин улана турган президенттик мөөнөтүн расмий түрдө баштады
Алгачкы азем борбор шаар Анкарадагы Түркия Улуу Улуттук Парламентинде өткөрүлөт. Түркия Улуу Улуттук Парламентинде Эрдоганды расмий тосуп алуу аземи болот.

Кайрадан президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган 2028-жылга чейин улана турган президенттик мөөнөтүн расмий түрдө баштады.
Алгачкы азем борбор шаар Анкарадагы Түркия Улуу Улуттук Парламентинде өткөрүлөт. Түркия Улуу Улуттук Парламентинде Эрдоганды расмий тосуп алуу аземи болот.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин убактылуу спикери катары аземди ача турган Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели алгач президент Эрдоганга мандатын тапшырат. Андан кийин Эрдоган ант берет.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинде боло турган салтанатка дүйнөнүн кызыгуусу абдан чоң.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Эрдогандын ант берүү аземине катышуу жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түркияга келет.
Салтанатка Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да катышат.
Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги президенттин ант берүү аземине Сомали, Алжир жана Балкан өлкөлөрүнөн да президенттик деңгээлде катышуу болот. Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги лидерлер үчүн бөлүнгөн орундуктан Катардын премьер-министри Аль Танидин да орун алышы күтүлүүдө.
Кээ бир өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышат. Президент Эрдогандын ант берүү аземине Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Жеффри Флейк катышса, Россиянын атынан Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин келет.
Президент Эрдоган чет элдик конокотрдун урматына Түркия убактысы боюнча саат 19:00дө Чанкая сарайында кечки сый тамак берет.
Тамактан кийин Эрдогандын жаңы кабинет мүчөлөрүн ачыктай тургандыгы күтүлүүдө.