Түркия OECDде шайлоого катышуу боюнча 3-орунда

Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШK) маалыматына караганда, 14-майдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго ички катышуу көрсөткүчү 88,92 пайыз болсо, 28-майда болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бул көрсөткүч 85,72 болду.

1994194
Түркия OECDде шайлоого катышуу боюнча 3-орунда

Түркия Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдүн ичинен шайлоодо эң көп добуш берген 3-өлкө болду.

Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШK) маалыматына караганда, 14-майдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго ички катышуу көрсөткүчү 88,92 пайыз болсо, 28-майда болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бул көрсөткүч 85,72 болду.

Түркия 14-майда болгон шайлоого жергиликтүү шайлоочулардын катышуусу боюнча OECDге мүчө өлкөлөр арасында 3-орунда болду.

OECD жана Эл аралык Демократия жана Шайлоого Жардам Институтунун (IDEA) маалыматына караганда, Түркия 14-майда болгон ички шайлоого катышуусу менен АКШ, Франция, Германия жана Улуу Британия сыяктуу көптөгөн батыш OECD мүчөлөрүн артта калтырды.

IDEA маалыматына ылайык, 2022-жылы өткөрүлгөн шайлоодо 89,74 пайыздык катышуу менен Австралия OECDге мүчө өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээледи.

2018-жылдагы шайлоодо 89,66 пайыздык катышуу менен Люксембург Австралиядан кийин келди. Бельгия да 2019-жылдагы шайлоодо 88,38 добуш менен Түркиядан артта калган.

Тизмеде Түркиянын артында турган Швеция, Дания, Жаңы Зеландия, Исландия, Нидерландия жана Норвегияда шайлоочулардын катышуусу 80 пайызга жакын бойдон калды.

Калкынын саны боюнча Түркия менен салыштырыла турган Германия 76,58 пайыздык катышуу менен тизмеде 11-орунда болду.

Тизмеде Германиядан кийин 75,69 пайыз катышуу менен Австрия, 73,59 пайыз менен Франция жана 71,76 пайыз менен Испания болду.

OECD мүчөлөрүнүн арасында шайлоочулардын эң аз катышуучусу болгон өлкө катары көзгө урунган Швейцарияда 2019-жылдагы шайлоого катышуу 45,12 пайыз болду.



Тектеш кабарлар