Столтенберг Түркияга келет
Столтенберг Норвегиянын борбор шаары Ослодо өткөрүлгөн расмий эмес тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг президент Режеп Таййип Эрдоган менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүн талкуулоо үчүн жакын арада Түркияга бара турганын айтты.
Столтенберг Норвегиянын борбор шаары Ослодо өткөрүлгөн расмий эмес тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу суроого Столтенберг жума башында президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып: «Жакын арада Анкарага барам, так убактысы азырынча чечиле элек»,-деди.
Швециянын кошулуу протоколунун ратификацияланышына байланыштуу Түркияга бергиси келген билдирүүсү тууралуу суроого Столтенберг: «Менин билдирүүм, Швециянын НАТОго мүчөлүгү Швеция үчүн, Скандинавия өлкөлөрү, Балтика аймагы үчүн, ошондой эле бардык НАТО жана албетте Түркия жана башка союздаштары үчүн да жакшы. Ошондой эле бүгүн, 1-июндан тарта Швецияда жаңы террорго каршы мыйзам күчүнө киргенин баса белгилейм./•••/.Бул да Швециянын Мадридде кол коюлган Үчтүк меморандумдан келип чыккан милдеттенмелерин аткарганынын далили болот. Түркиянын кандайдыр бир мыйзамдуу коопсуздук тынчсыздануулары бар экенин унутпашыбыз керек, анткени бир дагы шериктеш Түркия сыяктуу террордук кол салууга дуушар болгон эмес. Ошондуктан Түркия менен бирге террордун бардык түрүнө каршы биргелешип иш алып барышыбыз маанилүү. /•••/. Швециянын кошулуу протоколунун жакын арада ратификацияланарына ишенем»,- деди.
Тектеш кабарлар

Греция : "Түркия чек арасында көпүрө курулат"
Греция менен Түркиянын чек арасындагы көпүрөнүн курулушу 2024 - жылы башталат.