Эрдоган Вучич жана Курти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сербиянын президенти Вучич менен Косовонун премьер-министри Курти президент Эрдоганга кайрадан президенттикке шайланышынан улам куттуктоолорун билдиришти.

1993745
Эрдоган  Вучич жана Курти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сербиянын президенти Александр Вучич жана Косовонун премьер-министри Альбин Курти менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда Сербиянын президенти Вучич менен Косовонун премьер-министри Курти президент Эрдоганга кайрадан президенттикке шайланышынан улам куттуктоолорун билдиришти.

Эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер да каралган сүйлөшүүдө, президент Эрдоган Косовонун түндүгүндөгү абалдарга байланыштуу аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту орнотуунун жалгыз жолунун диалог процессиндеги илгерилөө экенин белгиледи.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркия катары диалог процессине өз салымын кошууга даяр экендиктерин айтты. 



Тектеш кабарлар