Эрдоганды лидерлер куттуктап жатышат

Бир канча лидерлер Эрдоганга телефон чалышты.

1993258
Эрдоганды лидерлер куттуктап жатышат

 Президент Режеп Таййип Эрдоганга кайрадан шайланышына байланыштуу дүйнө лидерлеринен куттуктоо телефондору жана билдирүүлөрдүн келиши уланууда.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Грециянын мурдагы премьер-министри жана Жаңы демократия партиясынын лидери Кирякос Мицотакис, Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид Аммар аль-Мишри президент Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып шайлоодогу ийгилигинен улам куттуктады жана жыйынтыгынын түрк элине пайдалуу болушун каалады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да президент Эрдоганга телефон чалып, кайрадан шайланышы менен куттуктады.

Столтенберг социалдык медиадагы билдирүүсүндө, телефондук сүйлөшүүдө июль айында Вильнюста боло турган НАТО саммити, Украинага колдоо көрсөтүү, НАТОнун коргонуусун күчтөндүрүү, Швециянын НАТОго кошулуусун жыйынтыктоо сыяктуу маанилүү темаларды да талкуулагандарын белгиледи.

Армян Фонддор Биримдигинин (ERVAP) төрагасы Бедрос Шириноглу да куттуктоосунда Эрдоганды кайрадан президенттикке шайланышы менен куттуктады.



Тектеш кабарлар