Варфоломей президент Режеп Таййип Эрдоганды куттуктады

Фенер рум патриархы Варфоломей президент Режеп Таййип Эрдоганды жекшемби күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жетишкен ийгилигинен улам куттуктады.

1993043

Фенер рум Патриархатынын билдирүүсүнө караганда, патриарх Варфоломейдин президент Эрдоганга жиберген билдирүүсүндө : «Элибиздин демократияга болгон ишеними, 2 -  турда да жогорку катышуу жана тынчтык менен өткөн добуш берүү процессинде президент болуп шайланууңуздан улам Патриархат жана рум жамаатыбыздын атынан куттуктайбыз»,- деп айтылды.

Варфоломей билдирүүсүндө : «Жаңы мезгилде өлкөбүздүн жана рум жамаатынын жакшы күндөрдү  көрөт деген ишенич менен Аллахтан күч  - кубат, ден соолук жана узун өмүр каалайбыз»,- деди.

Тектеш кабарлар